Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Дата публикации: 22.09.2023


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Башкы байлыгыбыз, улуттук белгибиз болгон мамлекеттик тилибиз эзелтен бери сакталып, муундан-муунга өтүп келе жаткан улуу тил.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам менен кыргыз тилине “мамлекеттик тил” макамын ыйгарып, эгемендүү кыргыз мамлекетин курууга тарыхий кадам ташталган. Ата-бабалардан калган улуу тилди келечек муунга кемитпей өткөрүп берүү ар бирибиздин жарандык милдетибиз. Баарыбыз үлгү болуп, өз тилибизде сүйлөп, өз тилибизде иш жүргүзсөк, тилибиз түбөлүк жашай берет.

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун. Тилибиздин келечеги кең, мартабасы бийик болсун.


Последнее обновление: 22.09.2023, 16:51