Улутстатком Араван районунда пилоттук айыл чарба каттоо боюнча окутуу семинарын жыйынтыктады

Дата публикации: 14.11.2024


Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо жана Чек-Абад айыл аймактарында пилоттук айыл чарбасын мобилдик тиркеме аркылуу каттоо боюнча окутуу семинары 14-ноябрда жыйынтыкталды. Семинар Араван районунун Достук айыл аймагынын административдик имаратында өткөрүлүп, ага 80ге жакын катышуучу тартылды.
 
Семинарга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Ормонхан Дүйшеев, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматкерлери, ошондой эле аймактык статистика бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
 
Окутуунун негизги максаты — каттоочуларды мобилдик тиркеме аркылуу айыл чарбасын каттоо процессине даярдоо, ошондой эле каттоо формаларын толтуруу, каттоонун максаттары жана милдеттери боюнча толук маалыматты камтыган нускама менен тааныштыруу. Семинардын катышуучулары пилоттук айыл чарбасын каттоо боюнча бардык керектүү маалыматты ала алышты.
 
Пилоттук айыл чарбасын каттоо 18-ноябрынан  7-декабрына  чейинки мезгилде  өтөт.
 

Последнее обновление: 16.11.2024, 17:01