Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү менен куттуктоосу

Дата публикации: 03.03.2025


Урматтуу мекендештер!
 
3- март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүн урматтап, бардык жарандарыбызды ушул маанилүү күн менен куттуктайм!
 
1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мамлекеттик туубуз эгемендигибиздин, эркиндигибиздин жана биримдигибиздин маанилүү белгиси болуп саналат.
 
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кызыл түсү биздин эрдигибизди, тайманбас жана бекем рухубузду билдирет. Ал эми жаркыраган алтын күн бизге тынчтык, бейпилдик жана күнөстүү өлкөбүздүн өнүгүүсүн туюнтат. Түндүк болсо биздин көчмөндөр маданиятыбызды, үй-бүлөбүздү жана өлкөбүздүн терең тарыхын айгинелейт. Кырк нурдун болушу биздин байыркы кырк уруунун биримдигин символдоп турат.
 
Мамлекеттик туубуз биздин көк асманыбыздан ар дайым бийик желбиреп, эгемен өлкөбүздүн күчүн, биримдигин жана туруктуулугун дүйнөгө таанытсын! Мындан ары да Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн биримдикте жана ынтымакта иш алып барып, алдыга карай багыт ала беребиз.
 
Жыргалдуу, тынч жана өнүккөн Кыргызстанды куруу жолунда бардык жарандарыбызга ийгиликтерди каалайм.
 
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов

Последнее обновление: 05.03.2025, 10:59