Эл аралык балдарды коргоо күнү: сандар жана фактылар

Publications: 31.05.2024


Эл аралык балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

2024-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында 18 жашка чейинки курактагы 2 млн. 692 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн (51,4%) эркек балдар түздү. 2023-жылдын башына  салыштырмалуу балдардын саны 30 миң балага же 1,1%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынын ичинен:

  • 41%ы - 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 97 миң адам);
  • 45%ы - 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 219 миң адам);
  • 14%ы - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (376 миң адам).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (70,6%) айыл жергесинде жашашат.

2023-жылы 146 миңге жакын бала төрөлгөн, алардын ичинен дээрлик 75 миңи эркек балдар жана 71 миңден ашыгы, башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Катталган никеде турбаган энелерден төрөлгөн балдардын үлүшү 8%дан ашкан. Анткени акыркы жылдары мусулмандардын салтына ылайык никелешүү кеңири жайылгандыгын белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеден тышкары төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да, энеси да бар. Алардын ичинен 15%га жакыны ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 85%дан ашыгы энелердин арызы боюнча гана катталган жана бул балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышы мүмкүн.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды төмөндөтүү максатында оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2023-жылы 95,1% кургак учукка каршы эмделген 1 жашка чейинки балдарды камтыды, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк – 87,5%, корь, эпидемиялык паротит жана краснухага каршы эмделгендердин саны – 96,2% түздү.

Өлкөдө ата-энесинин багуусунан ажыраган балдардын үй-бүлөлөрүндө  жашоо жана тарбиялануусунда болгон укуктарды иштетүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

2023 - жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 14,4 миң бала болгон, анын ичинен 4,5 миңи томолой жетимдер, анын 10,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 3,9 миң бала асырап алынган. 2023-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 3,4 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 668 - томолой жетимдер.

Ата-энесинин кароосу жок калып, башка үй-бүлөнүн тарбиясында калган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны,

жынысы боюнча 
(миң адам)

2023-жылы 2 607 бала камкордукка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна алынган, 604 бала асырап алынган жана алардын ичинен 591 бала - кыргыз үй-бүлөсү, 13 – чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган. 2023-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернаттарда 1,3 миң жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашаган.

Ата-энесинин камкордугусуз калган, башка үй-бүлөлөрдө жана интернат мекемелеринде тарбиялануудагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны
(миң адам)

2023-жылдын аягына карата республикада 1,9 миң мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеген, аларда 234 миңге жакын бала тарбияланган жана, алардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 13% көбөйгөн.

2023/2024-окуу жылынын башында республикада 2 377 күндүзгү жалпы орто билип берүү уюмдары иштеген, анда 1 млн. 491 миң бала окуган. Алардын ичинен ар турдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 369 мектептерде 335,2 миң бала, 146 гимназияда – 200,1 миң бала жана 66 лицейде – 54,1 миң бала окуган.

 

 


Last updating: 04.06.2024, 11:21