Автоунаа транспорту жана жол чарба: цифралар жана фактылар

Publications: 25.10.2023


Бүгүн, республикада октябрь айында  автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү белгиленет.

Автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып өнүгө баштаган, ал эми ташуулар үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан ташуулар саналган.   

Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортунун алдыңкы орунда тураарын аныктаган.   

2022-жылы автоунаа транспорту менен 36 млн. тонна жүк же алардын көлөмүнүн 81 пайыздан ашыгы ташылган.

Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (70 пайызга жакын)  жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2022-жылы жүктөрдү ташуунун эң чоң көлөмү Талас, Чуй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъекттеринин транспортуна туура келди. 

2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Ушундай ташуулардын 87 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт. 2022-жылы жеке жактарга таандык автобустар, микроавтобустар жана таксилер менен 462 млн., же 94 пайыз жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан -  29 млн. жүргүнчүлөр (6 пайыз) ташылган.    

Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек, Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарынын чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.

2022-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

2023-жылдын башында республикада жеке менчик ээлигинде бир миллиондон ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын (калктын 1000ине 277 автоунаа), Чүй облусунун (238 автоунаа) жана Ош шаарынын (207 автоунаа) жеке ээлерине туура келген.

2022-жылы облустук жана жергиликтүү маанидеги 23 километр авто жол, айыл чарбасындагы ички чарбалык жолдор - 136 километр катуу жабуусу менен  автоунаа жолдору ишке киргизилген. Мындан сырткары, «Түштүк транспорт жолу», «Ош-Баткен-Исфана», «Бишкек-Ош», «Бишкек-Нарын-Торугарт», Ысык-Көл айланма жолу, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу, «Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу» долбоору боюнча иштер, авто жолдорун оңдоо жана реконструкциялооло жүргүзүлгөн. Муну менен бирге, транспортко карата инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 75 пайыздан ашыгы тышкы булактардын эсебинен каржыланган.

 

Керектөө рыногу, туризм жана МКТ статистикасы башкармалыгы |e-mail: ltekeeva @stat.kg; |тел. + 996 (312)  324650, 324918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 25.10.2023, 16:44