Автоунаа транспорту жана жол чарба: цифралар жана фактылар
Publications: 25.10.2025
26-октябрь - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.
Автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан жүктөрү эсептелген.
Республиканын бийик тоолуу жана көптөгөн региондоруна жетүүнүн кыйын шарттары башынан эле транспорттун башка түрлөрүнүн арасынан автоунаа транспортунун алдыңкы орунда тураарын аныктаган.
Автоунаа транспорту – Кыргызстандын транспортунун жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну камсыз кылуучу, географиялык обочолонууну жана калктуу конуштардын ортосундагы байланышты жоюучу негизги транспорт.
2024-жылы автоунаа транспорту менен 54 млн. тонна жүк, же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы ташылган.
Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (60 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер (жеке адамдар) тарабынан ишке ашырылат.
2024-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.
2024-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүк ташуулар
(пайыз менен)
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча айтсак, алардын негизги көлөмү да (90 пайыздан ашыгы) автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет.
2024-жылы жеке жактарга таандык автобустар жана таксилер менен 436 млн., же 70 пайыздан ашык жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан - 178 млн. жүргүнчүлөр же 30 пайызга жакыны ташылган. Адистештирилген автобустар жана электроавтобустар менен ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 2,9 эсе өстү.
Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын ошондой эле Чүй облусунун чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.
2024-жылда аймактар боюнча автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу
(жыйынтыкка карата пайыз менен)
2025-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,2 млн. ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2024-жылдын 1 январына салыштырмалуу 6 пайызга көбөйдү.
Республиканын туруктуу калкынын 1000ине алганда 173 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Чүй облусунун (калктын 1000ине 275 автоунаа), Бишкек шаарынын (249 автоунаа) туура келген.
2024 - жылы жалпы мамлекеттик жана республикалык маанидеги 337 чакырым катуу жабуусу менен, облустук жана жергиликтүү маанидеги 108 чакырым, айыл жерлериндеги 218 чакырымдан ашык ички чарбалык жолдор пайдаланууга берилген.
___________________________________________________________________________________________________________
Соода жана кызмат көрсөтүү, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы /e-mail: ltekeeva @stat.kg;/ тел. + 996 (312) 324 725, 324918
Инвестиция статистикасы бөлүмү /e-mail: birukova@stat.kg/ тел. + 996 (312) 324 642
