Микрокредит алуучулардын санынын 32 пайыздан ашыгы Бишкек шаарына туура келди
Publications: 24.11.2025
2025-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 63 млрд. сомдон ашык суммада кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 797 миң адамга жакын болду. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 13,2%га кыскарды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 33,6%га өстү.
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 32,5%ы), Ош облусуна (дээрлик 16%ы), Жалал-Абад (13%дан ашык) жана Чүй (11%га жакын) облустарына туура келди.
Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 28%на жакын), Ош (16%га жакын), Жалал-Абад (14%га жакын) жана Чүй (13%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.
2025-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 62%дан ашыгы - керектөө муктаждыктарына, 15%дан ашык - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 9,5%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды. Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнүн көбөйүшү - 9,7 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 4,6 пайыздык пунктка кыскарды.
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_____________________________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
