Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында билим алышкандардын 35 пайыздан ашыгын чет өлкөлүк студенттер түздү
Publications: 14.02.2022
2021/2022- окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алышты, же жалпы студенттердин 35 пайыздан ашыгын түздү.
Басымдуу бөлүгү - 59 миңден ашык адам, же 71% КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекистандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 5 жыл аралыгында 11% дан 90% чейин көбөйгөн.
Ошол эле убакта 2017/2018- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казакстандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче, 43% дан 3% чейин төмөндөгөн.
КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны
(окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)
2017/2018 2021/2022
Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73% дан 63% чейин төмөндөгөн болсо, ал эми Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче 6% дан 31% чейин көбөйгөн.
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин саны
(окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)
2017/2018 2021/2022
___________________________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042 Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).