Калкка берилген микрокредиттердин 47 пайыздан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталган
Publications: 18.11.2022
2022-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 28,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, аны алган алуучулардын саны 476 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,9%га кыскарды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 4%га өстү.
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин берилиши
Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18,5%ы), Ош (17,4%), Чүй (16,1%) жана Жалал-Абад облустарынын (14,5%) алуучуларына берилди.
2022-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына, 24%га жакыны - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 7%ы - курулушка багытталды.
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
2022-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка көбөйүү менен 92,9%ды түздү.
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).