Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жарымынан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди

Publications: 20.08.2024


Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 26,6% көбөйдү.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%), Ош (16%дан ашык), Жалал-Абад (15%) жана Чүй (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн жарымынан ашыгы (50,7%) керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, дээрлик 22% - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%га жакыны курулушка багытталды.
I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
                  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Last updating: 20.08.2024, 10:45