Чүй жана Ош облустарында пилоттук айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө

Publications: 22.11.2024


2024-жылдын 18-ноябрынан баштап пилоттук айыл чарба каттоосу Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо жана Чек-Абад айыл аймактарында, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красноречка жана Милянфан айылдарында өтүп жатат. Пилоттук каттоо 7-декабрга чейин мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Бул пилоттук этап каттоо ыкмаларын жана инструменттерин сыноо, ошондой эле үй чарбаларынан маалымат чогултуунун натыйжалуулугун баалоо максатын көздөйт. Пилоттук каттоо иштери каттоонун ыкмаларын жакшыртууга жана жалпы өлкө боюнча масштабдуу айыл чарба каттоосун өткөрүү алдында пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды аныктоого жардам берет.
 

Last updating: 22.11.2024, 14:29