Айыл чарба каттоосунда санариптик технологияларды колдонуу
Publications: 21.03.2026
Кыргыз Республикасынын аймагында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлүп жаткан айыл чарба каттоосунун алкагында заманбап санариптик чечимдер колдонулууда. Бул демилге агрардык сектордун абалы тууралуу актуалдуу, так жана комплекстүү маалыматтарды алуу максатын көздөйт.
Каттоо мобилдик түзмөктөрдү жана атайын программалык камсыздоону колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул маалыматтарды чогултуунун сапатын жогорулатууга, аларды иштеп чыгуу мөөнөтүн кыскартууга жана адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Улуттук статистика комитети бардык маалыматтар борборлоштурулган серверге реалдуу убакыт режиминде, маалыматтын купуялуулугу жана корголушу талаптарын сактоо менен жөнөтүлөрүн белгилейт. Ошентип, каттоонун алкагында чогултулган бардык маалыматтар ишенимдүү корголот.
Ошондой эле, Улуттук статистика комитети калкты маалымдайт: бардык каттоочулар өздөрү менен кошо жеке маалыматтары көрсөтүлгөн бейдж алып жүрүүгө милдеттүү. Бейджде QR-код жайгаштырылат, аны сканерлөө аркылуу каттоочу тууралуу кеңири маалымат алууга болот.
Айыл чарба каттоосун санариптик форматта өткөрүү — агрардык секторду санариптик трансформациялоонун жана тармакты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү этабы болуп саналат.
Каттоо айыл чарба уюмдарын, фермердик жана дыйкан чарбаларын, ошондой эле калктын жеке көмөкчү чарбаларын камтыйт.
Алынган маалыматтар айыл чарба тармагында натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга негиз болот.
Каттоонун жыйынтыктары мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук жана илимий уюмдар сыяктуу кеңири колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.

