Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
Publications: 07.06.2023
Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин кызматкерлери, бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, Финансылык аналитиктер, ошондой эле ушул профилдеги адистерди даярдаган билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн арналган. Майрам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,1 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйгөн.
2021-2022-жж.финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны.
2021-жыл |
2022-жыл |
|||
|
Кызматкерлердин тизмелик саны, адам |
Орточо айлык эмгек акы, сом менен |
Кызматкерлердин тизмелик саны, адам |
Орточо айлык эмгек акы, сом менен |
Финансылык ортомчулук |
23 620 |
37 032 |
25 619 |
47528 |
Милдеттүү социалдык камсыздоодон тышкары камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо |
533 |
30 681 |
573 |
38 385 |
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү ишмердик |
646 |
10 165 |
873 |
10 908 |
2023-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 4,5 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдүн үчтөн экиси банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары, 18%ы камсыздадыруу компаниялары, 3,4%ы бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.
Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү (53,3%ы) үстүбүздөгү жылдын I кварталын 1,5 млрд. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 14,4%ы чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты. 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 1,3 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.
Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган студенттер арасында эң популярдуу адистик экономика жана башкаруу болуп саналат.
студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү
(окуу жылынын башталышына карата, адам)
|
2021/2022 |
2022/2023 |
ЖКОЖ |
||
Экономика жана башкаруу |
40 138 |
36 596 |
алардын ичинен: |
|
|
экономика |
28 074 |
26 220 |
менеджмент |
5 151 |
4 847 |
бизнес башкаруу |
2 611 |
2 017 |
ОКБУ |
||
Экономика жана башкаруу |
14 656 |
15 469 |
алардын ичинен: |
|
|
экономика жана бухгалтердик эсеп |
6 469 |
6 908 |
каржы |
3 544 |
3 03 |
менежмент |
1 567 |
1 749 |
банк ишмердиги |
1 278 |
1 276 |
салыктар жана салык салуу |
1115 |
1 124 |
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 664209
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү |e-mail: jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324724
Социалдык статистикасы бөлүмү |e-mail: j.rahmava@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324652
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).