Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
Publications: 07.06.2019
Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансылык-экономикалык чөйрөнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин, ишканалардын, бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансылык-экономикалык бөлүмдөрүнүн, финансылык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлеринин, финансылык талдоочулардын, ошондой эле бул кесиптин адистерин даярдоочу билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлеринин майрамы болуп саналат. Аталган майрам экономиканын бардык тармагындагы финансылык жана экономикалык кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.
Банк секторун жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн кошпогондо, финансылык ортомчулук кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм ишмердик жүргүзүшөт. Аларда иштеген кызматкерлердин орточо тизмелик саны 2019-жылдын январь-мартында 4,5 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдарында катталды, ошону менен бирге 2018-жылдын январь-мартына салыштырганда алардын төрттөн бирге көбүрөөк азайышы белгиленди.
Таблица: Январь-марттагы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны*
|
2018-жыл |
2019-жыл |
||||
|
Кызматкер-лердин тизмелик саны, адам |
Орточо айлык эмгек акы, сом |
Кызматкерлердин тизмелик саны, адам |
Орточо айлык эмгек акы, сом |
|
|
Кредиттерди берүү (банк чөйрөсүнүн тышкаркы уюмдар тарабынан) |
3 998 |
34 084 |
2 990 |
34 515 |
||
Башка топтошууларга киргизилбеген башка финансылык ортомчулук |
232 |
32 988 |
257 |
41 832 |
||
Камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана милдеттүү социалдык камсыздоодон сырткары пенсиялык камсыздоо |
228 |
34 855 |
235 |
33 622 |
||
Финансы рыногун башкаруу |
23 |
23 184 |
23 |
23 469 |
||
Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү башка көмөкчү ишмердик |
107 |
8 929 |
109 |
9 304 |
||
Бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишмердик |
791 |
19 869 |
793 |
19 527 |
||
* Чакан ишканаларды жана банктарды кошпогондо.
2019-жылдын январь-мартында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 1,7 млрд. сомду түздү, анын негизги үлүшү банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары (суммардык көлөмдүн 92 пайызы) жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар (5 пайыз) тарабынан түзүлдү.
Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 754,5 млн. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 17 пайызы чыгыша тартты (37,1 млн. сом). 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 717,4 млн. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.
Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ) жана орто кесиптик окуу жайларында (ОКОЖ) окуган студенттердин арасындагы эң белгилүү адистик экономист адистиги болуп саналат.
Таблица: Студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү
( окуу жылынын башына карата, адам)
|
2017/2018 |
2018/2019 |
ЖКОЖ |
||
Экономика |
24 088 |
23 172 |
Менеджмент |
6 922 |
6 290 |
ОКОЖ |
||
Экономика жана башкаруу |
223 |
141 |
Экономика, бухгалтердик эсеп жана контроль |
7 763 |
7 097 |
Менеджмент |
1 227 |
1 222 |
Финансы |
4 036 |
4 037 |
Банк иши |
1 782 |
1 218 |
Камсыздандыруу иши |
69 |
60 |
Маркетинг |
401 |
469 |
Коммерция |
253 |
259 |
___________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 664209
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү |e-mail: jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324724
Социалдык статистикасы бөлүмү |e-mail: j.rahmava@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324652
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).