Цифралар жана фактылар. Кыргыз Республикасында Ишкерлер күнү
Publications: 20.09.2025
Жыл сайын 20-сентябрда республикада ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.
2024-жылы республиканын аймагында 25 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштеген, алардын ичинен 96,5% чакан ишканалар түзгөн. Мында иштеп жаткан ишканалардын эң көп саны (34% дан ашыгы) өз ишин соода чөйрөсүндө, 12% жакыны - өнөр жайда жана 10% - курулушта жүргүзүшкөн. Иштеп жаткан ишканалардын 73% жакыны өз ишин Бишкек шаарында жүргүзүшкөн. Чакан жана орто ишканаларда 2024-жылы 114 миң адам же экономикада иштегендердин жалпы санынын 4,2% иштеген.
Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 2024-жылы 31 535 сомду түздү. Мында анын өлчөмү мурдагыдай эле республика боюнча орточо деңгээлден төмөн бойдон калууда (36 047 сом).
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун маалыматтары боюнча, 2024-жылдын 1-январына карата республиканын аймагында 459,2 миң жеке ишкерлер иш жүргүзүшкөн.
2024-жылы республиканын аймагында 360 миңден ашык дыйкан (фермер) чарбалары ишмердик жүргүзүштү.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик субъекттери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 664,6 млрд.сом өлчөмүндө же ИДПга карата 43,6 пайызды түздү.
2024-жылы айыл чарбасында (дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо) иш жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 248,5 млрд.сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн. Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндө 95,2% жакыны дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияга туура келген.
2024-жылы дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан союу үчүн 234,8 миң тонна мал жана канаттуулар (тирүүлөй салмакта), же жалпы республика боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 51,0% өндүрүлгөн, 924,5 миң тонна (50,7%) сүт саалган, 7,6 миң тонна (57,6%) жүн кыркылган жана 227,8 млн.даана (28,8%) жумуртка алынган.
