Цифралар фактылар: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын күнү
Publications: 21.06.2019
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле өлкөнүн өнүгүү процессинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кошкон салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматчыларынын күнү болуп түзүлгөн.
2019-жылдын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын саны (коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоочу мамлекеттик органдардын маалыматтарын эсепке албаганда) 18 миңге жакын адамды түздү, алардын ичинен 40 пайызы аялдарга туура келди.
Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар
(2019-жылдын башына карата, пайыз менен)
Ага карабастан өткөн жылдардай эле, мамлекеттик башкаруу органдарында (59,7%), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (63,3%) мамлекеттик кызматта иштеген эркектердин көптүгү 2018-жылы да сакталып калды.
Мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген мамлекеттик кызматчылардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматчылардын саны*
(2019-жылдын башына карата)
|
Миң адам |
Жыйынтыкка карата, пайыз менен |
Мамлекеттик кызматчылар |
17,8 |
100 |
алардын ичинен |
|
|
мыйзам ишмердиги |
0,6 |
3,3 |
аткаруучулук ишмердиги |
14,3 |
80,0 |
сот ишмердиги |
3,0 |
16,7 |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары |
10,0 |
100 |
2019-жылдын башына карата Мамлекеттик кызматчылардын жалпы санынын жарымынан көбү (52%) ишмердиктерин Бишкек шаарында жүргүзүшкөн.
Аймактар боюнча 2019-жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматчылар
(адам)
|
Мамлекеттик кызматчылар |
анын ичинде кызматтары боюнча |
|
саясий жана атайын |
административдик |
||
Кыргыз Республикасы |
17 807 |
697 |
17 110 |
Баткен облусу |
763 |
30 |
733 |
Жалал-Абад облусу |
1 735 |
62 |
1 673 |
Ысык-Көл облусу |
1 070 |
35 |
1 035 |
Нарын облусу |
908 |
25 |
883 |
Ош облусу |
868 |
33 |
835 |
Талас облусу |
573 |
28 |
545 |
Чүй облусу |
1412 |
17 |
1 395 |
Бишкек ш. |
9 321 |
438 |
8 883 |
Ош ш. |
1 157 |
29 |
1 128 |
2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңге жакын адам иштеген, алардын ичинен 8 миңден көбү муниципалдык кызматчылар болуп саналат. Муниципалдык кызматчылардын жалпы санынын үчтөн көбүрөөк бөлүгүн аялдар түзгөн.
2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматчылардын саны
(адам)
|
Бардыгы |
алардын ичинен |
||
саясий муниципалдык кызматтарда иштегендер |
административдик муниципалдык кызматтарда иштегендер |
Имаратаррды кайтаруу жана тейлөө боюнча персонал |
||
Кыргыз Республикасы |
9 960 |
509 |
7 918 |
1 533 |
Баткен облусу |
906 |
41 |
728 |
137 |
Жалал-Абад облусу |
2 019 |
81 |
1 655 |
283 |
Ысык-Көл облусу |
1 047 |
66 |
825 |
156 |
Нарын облусу |
918 |
65 |
687 |
166 |
Ош облусу |
2 147 |
91 |
1 816 |
240 |
Талас облусу |
594 |
39 |
435 |
120 |
Чүй облусу |
1903 |
116 |
1 437 |
350 |
Бишкек ш. |
339 |
5 |
272 |
62 |
Ош ш. |
87 |
5 |
63 |
19 |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнү өлкөдө болуп жаткан коомдук процесстерди уюштурууга жана башкарууга байланышкан маанилүү маселелерди чечүүдө олуттуу салымын салган адистер үчүн арналган күн болуп эсептелет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген кызматчылардын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, өрнөктүгү, кынтыксыз чынчылдыгы гана бийликтин бардык деңгээлдеринде процесстерди натыйжалуу башкарууну сабаттуу уюштурууга мүмкүндүк берет.
____________________________________________________________
Эмгек жана жумуш менен камсыздоо статистикасы бөлүмү
|e-mail:jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626076
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).