den finansistov

Publications: 07.06.2024


Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин кызматкерлери,  бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, Финансылык аналитиктер, ошондой эле ушул профилдеги адистерди даярдаган билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн арналган. Майрам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2024-жылдын январь-март айларында  24,6 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2023-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 11,4 пайызга көбөйгөн.

Таблица: 2023-2024-жж.финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны

 

Январь-март 2023-жыл

Январь-март 2024-жыл

 

Кызматкерлердин
тизмелик саны, адам

Орточо айлык
эмгек акы,
сом менен

Кызматкерлердин
тизмелик саны, адам

Орточо айлык
эмгек акы,
сом менен

Финансылык ортомчулук

21 446

53 645

23 896

62 494

Милдеттүү социалдык камсыздоодон тышкары камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо

311

41 530

476

57 936

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү ишмердик

249

17 512

221

25 851

2024-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары (банк секторун кошпогондо) тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 14,8 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдүн 64%дан ашыгы - виртуалдык активдерге ээ бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу финансылык ортомчулук уюмдары, 27% - банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүүчү уюмдар, 5,6%ы - камсыздандыруу компаниялары, 3%га жакыны бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 2,5 млрд. сом суммасындагы пайда менен аяктады, ал эми 15% чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты. 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 2,3 млрд. сом пайда өлчөмүндөгү оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.

Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган студенттер арасында эң популярдуу адистик экономика жана башкаруу болуп саналат.

Студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү
(окуу жылынын башталышына карата, адам)

 

2022/2023

2023/2024

ЖКОЖ

Экономика жана башкаруу

36 596

32 985

алардын ичинен:

 

 

экономика

26 220

22 766

менеджмент

4 847

4 977

бизнес башкаруу 2 017 1 418

ОКБУ

Экономика жана башкаруу

15 469

16 533

алардын ичинен:

 

 

экономика жана бухгалтердик эсеп

6 908

7 283

каржы

3 703

3 672

менежмент

1 749

2 104

банк ишмердиги

1 276

1 455

салыктар жана салык салуу 1 124 1 254

***

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз катчысы, тел.: + 996 (312) 664038 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).


Last updating: 07.06.2024, 16:07