Жарандык авиация күнү. Цифралар жана фактылар

Publications: 07.10.2024


Жыл сайын октябрь айында жарандык авиация Күнү белгиленет.
 
Бүгүнкү күндө жарандык авиация өндүрүштүк жана социалдык   инфратүзүмүнүн маанилүү курамдык бөлүгү, анын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүшү жана иштеши улуттук коопсуздукту, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.
 
Аба транспорту Улуу Ата-мекендик согуштан кийин өнүгүп, жүргүнчүлөрдү ташуу көрүнүшү регулярдык тартипте иштей баштаган.
 
Кыргызстандын транспорт ишканаларынын эң олуттууларынын бири “Манас Эл аралык аэропорт” ачык акционердик коому болуп саналат, анын курамына “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору кирет. Калган аэропорттор – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору ички аба жолдору боюнча регионалдык каттамдарды ишке ашырат.
 
2023-жылы жүргүнчүлөрдү улуттук авиакомпаниялар аркылуу ташуулардын көлөмү 1,4 млн. ашуун жүргүнчүлөрдү түздү, алардын ичинен 50 пайызга жакынын – эл аралык жана 50 пайызын – ички ташуулар түздү.
 
Өлкөнүн башкы аба дарбазасы - бул “Манас” эл аралык аэропорту – Борбор Азиядагы эң ири аэропорттордун бири, ал бир саатта 1700 адамды өткөрүүгө жөндөмдүү. Аэропорт эл аралык жана ички ташууларды камсыздайт.
 
2023-жылы аэропорт «Манас» 5,6 млн. жакын жүргүнчү тейленген, бул 2022-жылга салыштырганда 9 пайызга көп болду. 
2023–жылдын аягында Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларындагы аба паркында 73 аба кемелери катталган, анын ичинен 21 жүргүнчү ташуучу.
 
Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин, “Avia Traffic Company”, ”Аэро Номад”, ”TEZ JET” жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.  
 
Аба транспорту тармагында иштеген кызматкерлердин жылдык орточо саны 2023-жылы 1 миңден ашуун адамды түздү.
 
 ____________________________________________________________________________ 
Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы, керектөө рыногу статистикасы бөлүмү /e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324650, 324918
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 09.10.2024, 08:55