Энелер күнү: Цифралар жана фактылар
Publications: 18.05.2018
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен открыткаларды жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.
Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телевиденияда бул майрамга арналган көрсөтүүлөр чыгат.
Энелер күнү өзү үй бүлөнүн очогун сактаган – энелерге баш ийүүнү жана сый урмат көрсөтүүнү элестетет.
Республикада 2018-жылдын 1-январына карата аялдардын саны 155 миң адамды же калктын жалпы санынын 50,4 пайызын түздү. Муну менен шаар аймактарында жашаган аялдардын саны 1 113 миң (калктын жалпы санынын 17,8 пайызын), айыл аймактарында - 2 042 миңди (32,6 пайыз) түздү.
2017-жылы республикада 154 миңге жакын 15-55 жаш курактагы айымдар эне болушту. Биринчи баласын төрөгөн энелердин орточо жашы 23 жашты түздү.
Биринчи баласын төрөгөн эң жаш энелер Баткен, Ош, Жалал – Абад жана Талас облустарында, ошондой эле Ош шаарында 22,3-22,5 жашты түздү.
29 пайыздан ашык аялдар биринчи жолу, ал эми 28 пайызы же ар бир төртүнчү аял экинчи жолу эне болушту. Төрт же андан көп балалуу энелер 20 пайызды же ар бир бешинчи аялды түздү.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2017-жылы өткөн жылга салыштыруу боюнча эгиз төрөгөндөдүн саны кобөйдү,бирок, ушул убакта, үчтү төрөгөндөрдүн саны азайды:
Эгиздердин төрөлүшү
2016 2017
1 378 аял 1 411 аял
Үч эгиздин төрөлүшү
2016 2017
14 аял 8 аял