Мугалимдер күнү: Цифралар жана фактылар
Publications: 05.10.2023
Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.
2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.
2022-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.
Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 124 миңге жакын педагогдор 2 млн. жакын тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.
Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 90 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 29 миңге жакын шаардык, 61 миңден ашуун айыл жерлериндеги мугалимдер.
2022/2023-окуу жылынын башына карата республикада 2 350 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.
Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.
Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2022/2023-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгынын жогорку билимдери бар болгон.
Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - 15 окуучу туура келет.
Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогдук кесипти тандаган.
2022/2023-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 7 миңден ашуун келечектеги педагогикалык кызматчылар бүтүп чыгышты.
****
Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).
Биз жеткиликтүүбүз: |
тел.625747 |
|
|