Калктын акчалай кирешелери
Publications: 15.02.2019
Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2018-ж. январь-сентябрында 304,8 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,0 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге эмгек ишмердигинен алынган кирешелер калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы болуп саналды, кирешелердин жалпы көлөмүндөгү анын үлүшү 71,5 пайызды түздү.
Ал эми калктын реалдуу акчалай кирешелери 2017-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,8 пайызга көбөйдү.(Кененирээк...)
________________________________________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail:gsamohleb@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).