Республиканын чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердиги I жарым жылдыкта негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү

Publications: 06.09.2023


Кыргыз Республикасынын аймактарында 2023-жылдын январь-июнь айларында 14 миңге жакын чакан жана орто ишканалар иш жүргүзүштү, анын дээрлик 95%ы чакан ишканаларга туура келди. Мында иштеп жаткан чакан ишканалардын 64%га жакыны өз ишмердигин Бишкек ш. жүргүзүшкөн. Чакан жана орто ишканаларда 86 миңге жакын адам алектенишкен.

2023-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтары боюнча республиканын аймактарында 450 миңге жакын жеке ишкер ишмердик жүргүзүштү.

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү 160 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 28%га жогорулады.

2023-жылдын январь-июнь айларында чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 50 млрд. сомдон ашты, бул дээрлик 29%га көп.

Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда дээрлик 15%га көбөйдү.

Чакан жана орто ишкердик субъекттеринин дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоосунун көлөмү 2023-жылдын январь-июнь айларында 338 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5%га өстү. Мында анын республика боюнча жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишкердик субъекттеринин соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө дээрлик 93%ы туура келди, алардын негизги үлүшү (жарымынан көбү) жеке ишкерлерге туура келген.

Айыл чарбасында, анын ичинде дыйкан (фермердик) чарбаларда ишмердик жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 2023-жылдын январь-июнь айларында 58 млрд. сомго продукциялар өндүрүлгөн, бул республика боюнча анын жалпы көлөмүнүн 54%дан ашыгын түзөт.

2023-жылдын I жарым жылдыгындагы чакан жана орто ишкердик ишмердиги жөнүндө толук маалымат Улутстаткомдун сайтындагы Статистика/Чакан жана орто ишкердик бөлүгүндөгү экспресс-маалыматта берилди.

 

Финансы статистикасы бөлүмү             |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                       |тел. + 996 (312)  625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 07.09.2023, 09:25