2021-жыдын I жарым жылдыгындагы калктын мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине болгон ишеним индекси
Publications: 21.07.2021
Калктын ишениминин индекси «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №329 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн элди сурамжылоо маалыматтарынын негизинде эсептелди. Изилдөө 2021-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө 18 жаштан 75 жашка чейинки жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандарына - 3600 респондентке сурамжылоо өткөрүлдү.
Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишениминин индекси 26,0 баллды түздү.
Кенениреээк маалымат шилтемеде http://www.stat.kg/ru/indeks-doveriya-naseleniya/
Үй чарба статистикасы бөлүмү
|
|e-mail: Y.Kalymbetova @stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655 |
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).