1.Үй чарбаларынын бюджеттерин жана жумушчу күчүн интеграцияланган тандалма изилдөө деген эмне?
Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан калктын жашоо деңгээлин иликтөө үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоо. Сурамжылоонун алкагында үй чарбаларынын кирешелери, чыгымдары жана жарандардын эмгек активдүүлүгү жөнүндө маалыматтар чогултулат.
2.Эмне үчүн бул сурамжылоо жүргүзүлөт?
Сурамжылоонун максаты, калктын жашоо деңгээлинин расмий көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн так статистиканы чогултуу. Жалпыланган маалыматтар өкмөткө, жарандык коомго жана эл аралык өнөктөштөргө жашоо деңгээлин баалоого жана натыйжалуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жардам бермекчи.
3.Үй чарбалары катышууга кантип тандалат?
Үй чарбалары илимий тандоонун жардамы менен тандалып алынат, бул бүтүндөй өлкө үчүн репрезентативдүү (жалпы көрсөткүчтүү) маалымат алууга мүмкүндүк берет. Изилдөөгө жалпысынан 5016 үй чарбасы катышууда.
4.Катышуучулар кандай компенсация алышат?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы №25 токтомуна ылайык, изилдөөнүн катышуучулары кварталына 200 сом өлчөмүндө компенсация алышат.
5.Чогултулган маалыматтар эмне үчүн колдонулат?
Чогултулган маалыматтар статистикалык максаттарда гана колдонулат жана Улутстаткомго, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана социалдык программаларды баалоо үчүн маанилүү болгон жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүн эсептөөгө жардам берет.
6.Менин жеке маалыматым ачыкка чыгабы?
Жок, сурамжылоонун жүрүшүндө чогултулган бардык маалыматтар конфиденциалдуу. Маалыматтар статистикалык эсептөөлөр үчүн гана колдонулат.
7.Интервью алуучу Улутстаткомдон экенине кантип ишенсем болот?
Эгер күмөн санасаңыз, интервью алуучулардын ыйгарым укуктарын тастыктаган күбөлүктү көрсөтүүнү өтүнсөңүз болот.
8.Сурамжылоого катышуу эмне үчүн маанилүү?
Сиздин катышууңуз натыйжалуу социалдык программаларды иштеп чыгуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулган так маалыматтарды чогултууга жардам берет.
9.Сурамжылоого катышкым келбесе эмне кылсам болот?
Сурамжылоого катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Бирок сиздин салымыңыз Кыргызстандагы жашоо деңгээлин жакшыртууга жардам берет.
10.Сурамжылоо канчалык көп жүргүзүлөт?
Сурамжылоо квартал сайын жүргүзүлүп турат, бул жашоо деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жана жаңы чакырыктарга тез жооп берүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети сурамжылоого катышкан бардык үй-бүлөлөргө алардын активдүү катышкандыгы жана маалыматтарды чогултууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.