ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары
Publications: 16.02.2026
Ай сайын, айдын биринчи он күндүгүндө, Улуттук статистика комитети коомчулукту республиканын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымдоо максатында пресс-конференция өткөрүп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары 2026-жылдын башына карата мал жана үй канаттууларын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары, ошондой эле 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын өнүгүшү, тышкы жана өз ара соодасы тууралуу маалымат сунушталат.
Дата: 16 февраль 2026-ж
Убактысы: 14:00 часов
Трансляция: Улуттук статистика комитетинин расмий Facebook баракчасында түз эфир шилтеме аркылуу: https://www.facebook.com/statatistics.kg/?locale=ru_RU
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033,
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көч. 374, Пресс-борбор (1-кабат).
Баяндамачылар:
- Керималиева Назира Керималиевна - Төраганын биринчи орун басары
- Маманова Айнура Торобековна – Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн башчысы
- Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – Айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы
- Сулайманова Гульсара Назарбековна – Тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47,
Пресс-секретарь (990) 900 933
e-mail: statistica.kg@gmail.com
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн
e-mail: statistica.kg@gmail.com. дарегине жазыңыздар
Маектерди уюштуруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: +996 (312) 664 038, e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дарек: Фрунзе көч. 374 (Т. Молдо көч. менен кесилишет)
|
Биз жеткиликтүүбүз: |
|
тел. 0 (312) 664038 |
