ПРЕСС-АНОНС. 2024-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Publications: 09.09.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-августундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен бөлүшөт, ошондой эле эмгек рыногунун абалы жана 2023-жылдагы Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал жөнүндө маалымат беришет.

 

Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 10-сентябрында, башталышы саат 10.00до
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
 

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
  • Абдуллаева Гульхумар Турсуновна - демографиялык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы.

 

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун Басма сөз катчысы Анарбекова Альмирага кайрылыңыздар: тел.: 66-40-38, уюлдук тел.:996 503 757 520
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.
 
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 10.09.2024, 11:24