ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө

Publications: 11.10.2023


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети Пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен 2022-жылдын январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалымат беришет, ошондой эле 2023-жылдын 9 айлыгынын жыйынтыгы боюнча өнөр жайдын көрсөткүчтөрү жөнүндө, 2023-жылдын 9 айлыгындагы керектөө бааларындагы жана тарифтердеги өзгөрүүлөр тууралуу, 2022-жылдагы чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин жана чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиктери жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүшөт.

Өткөрүү убактысы: 2023-жылдын 11-октябрында саат 15.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
  • Нурбаева Айнура Табылгановна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Маманова Айнура Төрөбековна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Абдукадирова Малика Азимовна – Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун каржы статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада.
e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Last updating: 11.10.2023, 10:01