2019-жылдын январь-сентябрында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу
Publications: 05.12.2019
2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 67,3 пайызга көбөйдү жана 576,8 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 63,3 млн.долларга (2018-ж. январь-сентябрында – 16,8 млн. долларга) ашты.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын 9-айына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттердин, ошондой эле кайра инвестицияланган пайда көлөмдөрүнүн көбөйгөнү белгиленди.
Январь-сентябрдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү1
|
Млн. АКШ доллары |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||
---|---|---|---|---|
|
2018 |
2019 |
2018 |
2019 |
Бардыгы |
344,9 |
576,8 |
100 |
100 |
Менчик капитал |
84,8 |
22,0 |
24,6 |
3,8 |
Финансылык лизинг |
- |
- |
- |
- |
Кайра инвестициялангандан түшкөн пайда |
117,9 |
269,1 |
34,2 |
46,7 |
Башка инвестициялар |
142,2 |
285,8 |
41,2 |
49,5 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
резидент эместерден алынган кредиттер |
55,4 |
249,0 |
16,1 |
43,2 |
соода кредиттери |
86,0 |
36,7 |
24,9 |
6,3 |
башка кредитордук карыз |
0,8 |
0,1 |
0,2 |
0,0 |
1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (96 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 3,3 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,3 эсеге, дүң жана чекене соода ишканаларына – 25,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 11,2 пайызга, маалымат жана байланыш – 2,5 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 0,6 пайызга төмөндөдү.
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Канададан (22,3 эсеге), Улуу Британиядан (2,9 эсеге), Кытайдан (1,7 эсеге) жана Нидерланддан (17,8 пайызга) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 37,3 пайызы), Канадага (19,9 пайызы), Улуу Британияга (13,2 пайызы), Нидерландыга (8,1 пайызы) жана Түркияга (4,4 пайызы) туура келет.
КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрында салыштырмалуу 5,6 пайызга көбөйдү, бул Казакстандан 1,5 эсеге жана Азербайжандан 5,1 эсеге инвестициялардын көбөйүшүнүн эсебинен. Муну менен катар, Өзбекстандан инвестициялар 1,7 эсеге, Россиядан – 14,8 пайызга кыскарды.
Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда – 55,4 эсеге, Ош шаарында – 7,1 эсеге, Жалал-Абад облусунда – 2,3 эсеге, Чүй облусунда – 12,1 пайызга, Баткен облусунда – 3,3 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарда инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.
Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусуна - 40 пайызга көбүрөөгү, Бишкек шаарынын ишканаларына - 28 пайыздан жакыны, Ысык-Көл облусуна – 20 пайыздан жакыны, ошондой эле Чүй облусуна – 12 пайыздан жакыны туура келди.
2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,6 эсеге көбөйдү жана 513,5 млн. АКШ долларын түздү.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2018-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу чыгып кетүү агымы соода кредиттеринин, ошондой эле резидент эместерден алынган кредиттердин көлөмдөрүнүн көбөйгөнү белгиленди.
Январь-сентябрдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы
|
Млн. АКШ доллары |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
||
---|---|---|---|---|
|
2018 |
2019 |
2018 |
2019 |
Бардыгы |
328,1 |
513,5 |
100 |
100 |
Менчик капитал |
40,1 |
33,4 |
12,2 |
6,5 |
Финансылык лизинг |
- |
- |
- |
- |
Кайра инвестициялангандан пайда |
124,0 |
96,6 |
37,8 |
18,8 |
Башка инвестициялар |
164,0 |
383,5 |
50,0 |
74,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
резидент эместерден алынган кредиттер |
134,3 |
280,4 |
41,0 |
54,6 |
соода кредиттери |
28,0 |
102,5 |
8,5 |
20,0 |
башка кредитордук карыз |
1,7 |
0,6 |
0,5 |
0,1 |
2019-жылдын январь-сентябрында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын көбөйүшү айыл чарба ишканаларынан – 7,7 эсеге, курулуш чөйрөсүнөн – 2,4 эсеге, геологиялык чалгындоодон – 3,7 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө – 0,8 пайызга көбөйгөндүгү байкалды.
КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү, бул негизинен Кытай (2,5 эсеге), Улуу Британия (12,7 пайызга), жана Түркия (5,0 пайызга) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.
КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,0 пайызга азайды, бул инвестициялардын Казакстанга (6,8 пайызга) чыгып кетүү агымынын азайышынын эсебинен болду.
2019-ж. январь-сентябрында 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан башка, бардык облустарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын өсүшү белгиленди.
____________________________________________________________________
Инвестиция статистикасы бөлүмү |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).