Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоо боюнча Республикалык комиссиянын отуруму болуп өттү

Publications: 14.10.2024


Бүгүн, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин төрагалыгы алдында 2025-жылы айыл чарбасын каттоо жана 2024-жылы пилоттук айыл чарба каттосун Ош облусунун Араван районунун эки айыл аймагында, Чүй облуснун Ысык-Ата районунун Красная Речка жана Милянфан айылдарында өткөрүү боюнча отурум болуп өттү.
 
Отурумдун жүрүшүндө, Б.Э. Торобаев айыл чарба каттоо – бул, айыл чарба тармагындагы негизги мүнөздөмөлөр боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп эсептелээрин белгилеп кетти.
 
Ошондой эле, КР Улутстаткомунун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов, азыркы учурда Улутстатком тарабынан 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип, айыл чарба каттоосунун эсепке алуу формаларынын долбоорлору Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Министрлер Кабинетине караштуу Жер агенттиги менен макулдашылгандыгын айтып өттү.
 
Өз кезегинде, Республикалык комиссиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри, Ысык-Ата жана Араван райондук администрация башчылары жана тиешелүү статистика башкармалыктарынын жетекчилери онлайн форматта катышкан.  
 
Отурумдун жыйынтыгы боюнча календардык планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленди.
 
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 “Кыргыз Республикасында 2025-жылы айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Республикалык комиссия түзүлгөн жана анын отурумунда каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды иштетүүнүн календардык планы кабыл алынды.
 
 
 

Last updating: 14.10.2024, 17:56