Кыргыз Республикасынын Айыл чарба эсепке алуу жүргүзүү боюнча Республикалык комиссиясынын отуруму болду

Publications: 07.04.2026


Кыргыз Республикасынын аймактарында айыл чарба эсепке алуусун системалуу жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү максатында 2026-жылдын 6-апрелинде онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын айыл чарба эсепке алуусун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Республикалык комиссиянын төрагасы Эрлист Акунбековдун төрагалыгы менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана комиссия мүчөлөрү — мамлекеттик органдардын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Отурумда Бактыбек Кудайбергенов 2026-жылдын 6-апрелине карата республика боюнча айыл чарба эсепке алынуу деңгээли 84,8% түзгөнүн маалымдады.

Баштапкы эсепке алуудан бери Улуттук статистика комитети калк, массалык маалымат каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Жарандар үчүн эсепке алуу боюнча суроолорду берүү жана консультация алуу үчүн “жылуу линия” уюштурулган.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча айыл чарба эсепке алуусун ылдамдатуу жана сапаттуу өткөрүүнү камсыздоо зарылдыгы баса белгиленди.

Республика боюнча айыл чарба эсепке алуусу 2026-жылдын 10-апрелинде аяктары пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилегендей, айыл чарба эсепке алуусун өткөрүү өлкөнүн айыл чарба секторунун абалы боюнча толук жана ишенимдүү маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берип, эффективдүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн негиз болот.

 


Last updating: 07.04.2026, 12:16