Негизги товарлардын максималдуу орточо баалары Москвада катталды

Publications: 25.02.2023


Ыкчам маалыматтар боюнча 2023-жылдын январь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин калган борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги тамак-аш
азыктарынын орточо керектөө баалары

 (килограмм, АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

6,66

6,57

8,69

4,53

Койдун эти

5,94

6,58

10,78

-

Ак (каймак) май

5,10

9,48

15,96

8,56

Пастеризацияланган сүт, литр

0,91

0,78

1,25

0,66

Жумуртка, ондук

1,33

1,27

1,40

1,17

Биринчи сорттогу буудай уну

0,62

0,66

0,86

0,51

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,74

0,43

1,57

0,95

Картошка

0,41

0,33

0,55

0,41

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) - Өкүл товардын жоктугу.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,40 АКШ доллары) Москва шаарында катталды, ал эми минималдуу чекене баа (он даанасы 1,17 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилдин ичинде кой этинин төмөнкү баасы (1 килограммы  5,94 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды, уй этинин төмөнкү баасы (1 килограммы 4,53 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн төмөнкү баасы (1 литри 0,66 АКШ доллары) Минск шаарында байкалды. Ак каймак майдын минималдуу баасы (1 килограммы 5,10 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм, АКШ доллары)

 

2023-жылдын январь айында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 19,5 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нан 41,9 пайызга, Минск шаарында уй этине 32,0 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын январь айында жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарында (12,0 пайызга), Астана шаарында (4,5 пайызга) жогору болуп түзүлдү, пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана шаарындагы (14,3 пайызга) жана Минск шаарында (27,5 пайызга) баалардын деңгээлинен жогору болду.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы
Баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн катышы

 

Бишкек ш.

Астана ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. = 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

98,6

130,5

68,0

Койдун эти

100

110,8

181,5

-

Ак (каймак) май

100

185,9

312,9

167,8

Пастеризацияланган сүт, литр

100

85,7

137,4

72,5

Жумуртка, ондук

100

95,5

105,3

88,0

Биринчи сорттогу буудай уну

100

106,5

138,7

82,3

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

58,1

212,2

128,4

Картошка

100

80,5

134,1

100,0

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

543,2

1 014,4

1 616,7

1 064,4

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

Уйдун эти

80,9

155,2

188,0

226,1

Койдун эти

90,7

155,1

151,6

-

Ак (каймак) май

105,7

107,7

102,4

119,8

Пастеризацияланган сүт, литр

590,0

1 300,0

1 310,6

1 558,9

Жумуртка, ондук

404,9

802,2

1 165,1

877,2

Биринчи сорттогу буудай уну

864,9

1 554,0

1 902,7

2 020,7

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

727,8

2 346,5

1 043,1

1 082,5

Картошка

1 315,4

3 108,0

2 980,1

2 480,0

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2022-ж декабрында - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2022-ж. ноябрында - Москва ш. боюнча.
2022-ж. IV кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

 

ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлору боюнча орточо айлык эмгек акынын2 сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосу 2023-жылдын январында Бишкек шаарындагы биринчи зарылдыктагы продуктулар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлинен артта калгандыгын күбөлөндүрөт, бул Бишкек шаары боюнча орточо эмгек акынын төмөн өлчөмү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 590 литр сүт сатып алса болот, ал эми Москвада 1300 литр же 2,2 эсеге көп. Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3,1 тонна картошка сатып алса болот, ал эми Бишкек шаарында 1 тонна 315 картошка сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада)
1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.
_____________________________________________________________________________________________________     

Баалардын статистикасы бөлүмү                              |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 25.02.2023, 14:14