Международный день культуры: статистический обзор

Publications: 13.04.2017


Эл аралык маданият күнү 1935-жылдын 15-апрелинен бери белгиленип келе жатат. Бул күнү Вашингтондо Маданий баалуулуктарды сактоонун эл аралык нормалары жөнүндө Келишим түзүлгөн (Рерихтин пакты) – бул тарыхта көркөм жана илимий, тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча биринчи эл аралык келишим.

Кыргыз Республикасы археология, тарых, архитектура жана курулуш, көркөм чыгармачылык, кыргыз элинин тарыхтагы издери тууралуу документалдык маалыматтарга толгон тарыхый, маданий дараметине ээ.

Мында ары да Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий байлыктарын сактоо жана өнүктүрүү максатында жана ушул дараметти өлкөнүн өнүгүүсүнүн улуттук моделин түзүүдө жана ишке ашырууда, жаңы нуктагы моралдык, адептик багыттамаларды жаратууга, күчтүү жана өнүккөн мамлекеттин түзүү боюнча жалпы максаттын тегерегинде жараандарды бириктирүү үчүн  Кыргыз Республикасы Президенти тарабынан 2016-жыл тарыхтын жана маданияттын жылы деп аталган. Ошол токтомго ылайык жыл ичинде элдердин биримдигин бекемдетүү, тил саясатын өнүктүрүүдө, Кыргызстандын тарыхындагы негизги этаптарын тутумдаштыруу иреетинде бир топ чаралар көрүлдү.

 Быйылкы 2017-жыл “Адептүүлүктүн, тарбиянын жана маданияттын жылы” деп жарыяланды.

Маданиятты өнүктүрүүдө республикада негизги багыт болуп театр эсептелет. 2016-жылы республикада 20 кесиптик театрлар иштеген. Алардын ичинен 8 театр Бишкекте жайгашкан,  3-Жалал-Абад облусунда, 3- Ош шаарында, 2 – Нарын облусунда жана бирден театр Баткен, Ысык-Көл, Ош, Талас облустарында жайгашкан.  Буга чейинки мезгилде театрлардын жамааты тарабынан 1470 спектакль коюлуп, аларга 200 миңдей көрүүчүлөр келген. Жагымдуулугу жагынан алганда Мамлекеттик Академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларынын куурчак театрлары, Кыргыз улуттук драма театрлары алдыда турушат.    

 Филармониялык ишмердүүлүк дагы жакшы өнүгүү жолунда турат. Азыркы учурда республикада 6 концерттик уюм, алардын ичинде 3 – филармониялар. 2016-жылы концерттик жамаат жана жеке аткаруучулар тарабынан 447 концерт коюлган, аларга 400 миңдей адам келген. Бардыгынан өтүмдүүрөгү болуп Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук филармониясы эсептелет.

 Дүйнөлүк жана ата-мекендик баалуулуктар боюнча маалыматтар калктын кеңири катмарына музейлер аркылуу жеткиликтүү болот. Республикадагы музейлердин түрлөрү: тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографикалык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-мекен таанучулук коруктар, ошондой эле мемориалдык, көркөмдүк жана адабияттык музейлер.

2016-жылы республикада 64 музей катталган, аларды көрүүчүлөрдүн саны 667 миң адамга жеткен. Музей кызматкерлери тарабынан элинин тарыхый жана маданий байлыктарын  чагылдырган 12 миң экскурсия жана 1,5 миң лекциялар өткөрүлгөн.

       Маданий жана искусство мекемелерине келүүчүлөрдүн саны
(миң. адам)

                

Кыргызстанда ар түрдүү жана ар кандай тармактар боюнча китепканалар бар. Жалпыга жеткиликтүү (коомдук) китепканалардан башка дагы мектептердин, жогорку жана орто окуу жайларынын, медициналык, техникалык, айыл чарбалык, ошондой эле КР Илимдер Академиясына караштуу китепканалар бар.

Китепканалардын ишмердүүлүктөрүнүн көрсөткүчтөрү

 

2015-жылы республиканын библиотекалык фонду 22 млн. нускадан турган китептер, китепчелер жана журналдар, ал эми китепкананын кардарларынын саны (мектептердикин эске албаганда) 1,2 млн. адамга чыккан. Алардын жарымына жакыны аялдар болгон.

Фонддогу көп үлүш республиканын борборуна туура келет (38 пайызы). Окурмандардын эң көп саны Жалал-Абад (175 миң) жана Ош (167 миң) облустарында катталган, ал эми Чүй облусуна (136 миң) жана Бишкек шаарына (126 миң) туура  келет. 


Last updating: 14.04.2017, 16:50