Нооруз Эл аралык майрамы – кызыктуу фактылар

Publications: 20.03.2020


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги менен жамааты сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайт, ошондой эле жазгы күн менен түн теңелген майрам тууралуу кызыктуу фактыларды келтирет.

Нооруз майрамын негизинин иран менен түрк элдери тарабынан белгиленип, ал астрономиялык күн календарында жаздын келишин даңазалайт.

Бул майрамдын тарыхы жазуу дооруна чейинки заманга башкача айтканда, биздин доорго чейинки VI—IV кылымга туура келет. Так ошол мезгилде Ахеменид Империясы өмүр сүрүп, Ноорузду расмий майрамдай башташкан.

Нооруз майрамы күн менен түн теңелген мезгилге туура келет.  21-марттан тарта түн кыскарып, күн узара баштайт. Так ушул мезгилди жаңы жыл деп эсептешип, бакубатчылык менен молчулуктун мезгили башталган.

Ноорузду дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун эл жана улут өкүлдөрү майрамдашат. Бул Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Пакистан, Иран, Ирак, Казакстан, Азербайжан, Пакситан, Түндүк Индия, Македония, Туркия жана башкалар.

2009-жылдын 30-сентябрында Нооруз Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемесинин (ЮНЕСКО) Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ошондон тарта 21 март Нооруз Эл аралык майрамы, деп жарыяланган.

Ноорузду белгиленген бардык элде дастарконго өстүрүлгөн жети тамактын түрүн коет. Анын эң атактуусу Сүмөлөк болуп саналат. Ал өнгөн буудайдан жасалат.

Кыргыз эли Нооруз майрамында байыртан тарта Сүмөлөк жана Көжө (өлкөнүн Түндүк аймактарында) даярдашкан. Бул күнү үй-жайды арча менен тазалап, болгон таарынычтардын баарын унутуп, карыздан кутулуп, жалпы элге жакшылык каалашкан.

(сүрөттөр kabar.kg сайтынан алынды)


Last updating: 20.03.2020, 16:21