Международный день защиты детей: цифры и факты

Publications: 01.06.2016


 

Жайдын биринчи күнүндө келген балдарды коргоо күнү 1950-жылдан тартып бүт дүйнөдө белгиленип келет. Бул күн балдардын укугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо зарылдыгы жөнүндө эске салат.

2016-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргыз Республикасында 2 млн. 212 миң 18 жашка чейинки курактагы балдар жашаган. 2015-жылдын башына салыштырганда балдардын саны 58 миң адамга (3%) өскөн.

 

Быйылкы жылдын башына  карата балдардын жалпы санынын ичинен:

• 47% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн 44 миӊ адам)

• 39% - 7-14 жаш курактагылар(865 миң адам.);

• 14% - 15-17 жаш курактагылар (303 миң адам.).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (69%) айыл жерлеринде жашайт.

Өлкөдө төрөлүүнүн өсүүсүнүн оң тенденциясы сакталып калды. 2015-жылы 163,4 миң бала (2014-жылга караганда 1,6 миңге көп) төрөлдү. Жыл сайын кыздарга караганда балдар көп төрөлүп жатат. Ошентип 2015-жылы 78,8 миң кыз жана 84,6 миң бала төрөлгөн. 

Кыргыз Республикасында төрөлгөндөрдүн саны

(миң адам)

Белгиленген кезектүүлүктө балдардын төрөлүшүнүн динамикасын талдоо биринчи жана экинчи төрөлүштүн жогорку үлүшү ымыркайлардын жалпы санынын 61 пайызы сакталып калгандыгын көрсөтөт, ал эми андан кийинки кезектүүлүктө төрөлгөндөрдүн үлүшү олуттуу 39 пайызга төмөн.

Өлкөдө өткөн жылы 1179 эгиз жана 15 үч эм туулган.

2015-жылы балдардын көпчүлүгү (76%) катталган никеде турган аялдардан төрөлгөн.

Балдардын саламатыгы – коомдун кенчи. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты калктын ден-соолугун сактоого жана чыңдоого, алдын-алууга жана ооруларды дарылоого багытталган.

Жугуштуу ооруларды азайтуу максатында өлкөдө алдын-алуу эмдөөлөрүн жүргүзүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

2015-жылы кургак учукка каршы эмделген бир жашка чейинки балдар 96,9 пайызды, көк жөтөлгө, дифтерияларга жана тарамыш тырышууга каршы (КДТА) - 96,7 пайызды, кызылча, эпидемиялык паротитдер жана кызамык - 99,1 пайызды (бир жылдын ичинде) түздү.

Кыргыз Республикасы наристелердин өлүмүн азайтуу көрсөткүчтөрү боюнча Миң жылдык Өнүктүрүү Максаттарына жеткен өлкөлөрдүн катарына кирет. 2015-жылы наристелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 2014-ж. 20,2ге каршы тирүү төрөлгөндөрдүн 1000ине 18,0ду түздү.

2015-жылдын аягына карата Кыргызстанда 304 миң бала жашаган 100 миңден ашык социалдык жактан корголбогон, жайсыз, кыйын абалда турган үй-бүлөлөр эсептелген.

Өлкөдө ата-энелик камкорчулуктан ажыраган балдардын жашоо укугун жана үй-бүлөдө тарбияланышын ишке ашыруу боюнча тутумдук иштер аткарылып жатат.

2015-жылдын аягына карата үй-бүлөдө тарбияланууга 13,6 миң бала болгон, анын ичинен 5,3 миңи – томолой жетимдер, камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө - 7,9 миң, багып алууга - 5,7 миң бала болгон. 2015-ж. ичинде ата-эненин багуусу жок калган 18 жашка чейинки курактагы 2 миң бала жана өспүрүм, анын ичинен 855 томолой жетим табылган.

Жетим балдар үчүн балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарында 2015-ж. ата-эненин багуусу жок калган 1,4 миң жетим жана бала болгон.

 

   

  2015-жылы үй-бүлөдө камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө тарбияланууга 1,3 миң бала кабыл алынды.

  2015-жылы 726 бала багылып алынды, анын ичинен 707 баланы кыргыз үй-бүлөлөрү, 19 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алышты. 

 

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча бала төрөлгөндө төлөнүүчү бир жолку мамлекеттик жөлөкпулдун орточо көлөмү 2272 сомду түздү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,4 пайызга көп (2014-ж. - 2115 сом). Кош бойлуулук жана төрөт боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны бул мезгилде 9,2 пайызга көбөйүп, 40 миңден көп адамды түздү.

 

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү          e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;   тел. + 996 (312) 325336.

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси)

 
 

Last updating: 01.06.2016, 17:42