Улутстатком жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Publications: 14.09.2024


Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгына ылайык , Улутстаткомдун жетекчилиги, борбордук аппараты жана Интеллектуалдык маалыматтар борбору жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга жана коомдук аң-сезимди жогорулатууга болгон умтулууларын көрсөтүштү. Ишембилик Көк-Жар айылынан баштап "Таштар-Ата" комплексине чейин өттү.

Биргелешкен аракеттер менен биз өлкөбүздү тазалап, келечек муундар үчүн жаратылыш ресурстарын сактап кала алабыз.

 


Last updating: 14.09.2024, 13:41