Нацстатком жана ЮНИСЕФ 2026–2027-жылдарга кызматташуунун планын бекитти
Publications: 08.04.2026
2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Тапа 2026–2027-жылдарга эки жылдык биргелешкен жумушчу планга кол коюшту.
Жолугушууга ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жана Нацстаткомдун кызматкерлери да катышышты.
Тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн эффективдүүлүгүн жана улуттук статистиканы өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди, анын ичинде балдар жана аялдардын абалы боюнча маалыматтарды чогултууну белгилешти.
Биргелешкен пландын негизги иш-чаралары:
• бир катар көрсөткүчтөр боюнча кластердик сурамжылоо жүргүзүү (КОМП);
• мектептерди сурамжылоону өткөрүү;
• маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөөнү жакшыртууга багытталган башка демилгелер.
Бактыбек Кудайбергенов КОМПтин кийинки айлампасын өткөрүүгө өзгөчө маани берилгенин, ал социалдык-экономикалык абалды көзөмөлдөө жана мамлекеттик саясатты түзүү үчүн маанилүү маалымат булагы болуп эсептелерин, ошондой эле эл аралык маалымат базалары жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көңүл бурулганын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар статистиканы өнүктүрүү, маалыматтардын сапатын жогорулатуу жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында мындан ары тыгыз кызматташууга макул болушту.
