Улутстатком 2022-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарды
Publications: 13.01.2023
Өткөн жылы республиканын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн көбөйүшү менен мүнөздөлдү.
Алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукт 2022-жылдын январь-декабрында 919 млрд.сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7% өстү. ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды.
Ошол эле учурда өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү - 12% ашык, курулушта - 8% жана айыл чарбасында –7% ашык, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү тармактарда – дээрлик 5% олуттуу өсүшү белгиленди.
2022 - жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 426 млрд.сомду түздү жана 2021-жылга салыштырганда-11,4 пайызга, ал эми 2018-жылга салыштырганда дээрлик 28 пайызга көбөйдү, бул негизинен өндүрүү боюнча ишканаларда негизги металлдарды чыгаруунун өсүшү менен камсыздалды.
Өткөн жылы пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 2018 - жылга салыштырмалуу 30%, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 8% өстү.
Кайра иштетүүчү тармактарда да өндүрүш көлөмүнүн 2018 - жылга салыштырмалуу 31% , ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 16% өсүшү байкалды.
2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу айыл чарба продукциясын дүң чыгаруу 7% ашык көбөйдү, бул буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү, жүгөрү даны, жашылча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, ошондой эле кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрү өндүрүшүнүн өсүшү менен камсыз болду.
Өткөн жыл ичинде курулушта социалдык-маданий багыттагы объекттерди – мектепке чейинки мекемелерди, мектептерди, ооруканаларды жана бейтапканаларды пайдаланууга берүү камсыз кылынган.
Өткөн жылы экономикалык иштин бардык түрлөрүнүн ишканаларында жана уюмдарында орточо айлык эмгек акынын жогорулашы белгиленди.