Улутстаком чейректик ИДПны кайра карап чыкты

Publications: 03.04.2026


Улуттук статистика комитети Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен кызматташтыкта 2019 жылдан баштап 2025 жылдар аралыгындагы чейректик ички дүң продукттун убактылуу катарларын кайра карап чыгып, базалык жылды 2019-жылдан 2024-жылга өзгөрттү. Бул иштер чейректик улуттук эсептердин көрсөткүчтөрүн эсептөө ыкмаларын мындан ары жакшыртууга жана өркүндөтүүгө багытталды.

2024-жылды жаңы базалык жыл катары кабыл алуу акыркы экономикалык көрсөткүчтөрдү кыйла так чагылдырууга мүмкүндүк берет. Тактап айтканда, 2024 жана 2025-жылдардын жыйынтыктарындагы анча чоң эмес айырмачылыктарды жоюуга шарт түзөт.

Бул өзгөртүүлөр алдыңкы эл аралык практикага ылайык жүргүзүлдү. Ага ылайык, улуттук эсептер үчүн базалык жыл катары жылдык тактоолор толук жүргүзүлгөн эң акыркы жыл тандалат. Мындай ыкма жарыяланган маалыматтардын актуалдуулугун жана аналитикалык ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.


Last updating: 03.04.2026, 16:51