Улутстатком өз кызматкерлерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Publications: 30.08.2016
Бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин чоң жыйын залында Кыргызстандын Эгемендүүлүгнүнүн 25-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Улутстаткомдун Борбордук аппаратынын кызматкерлерин: төрага А.Султанов, төраганын биринчи орун басары А.Оросбаев, төраганын орун басары Б. Касымбеков, БЭБ жетекчиси О. Курманбеков, бөлүм башчысы Т. Абдылдаева, профсоюздук комитеттин төрайымы Ч. Турдубаевалар куттукташты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Башкы эсептөө борборунун салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чараларда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына карата мыкты иштеген кызматкерлерге Улутстаткомдун жана Башкы эсептөө борборунун мекемелик сыйлыктары тапшырылды.












