Улутстатком статистиканын ардагерлерин Карылар күнү менен куттуктады

Publications: 01.10.2024


Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасы Улуттук статистика комитетинде статистика ардагерлерине арналган салттуу иш-чара өттү. Төраганын биринчи орун басары Назира Керималиева ардагерлерди майрамы менен куттуктап, улуттук статистиканы өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымдары жана берилгендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлер Улутстаткомдун жалпы жамаатына көрсөтүлгөн бардык сый-урматка ыраазычылык билдиришип, ар дайым өз тажрыйбаларын бөлүшүүгө жана өлкөнүн статистикалык системасын өнүктүрүүнү улантып жаткан жаш статистиктерди колдоого даяр экендиктерин белгилешти.
 
Мындай иш-чаралар муундар ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү кадамы болуп саналат.
 
Улутстаткомдун кызматкерлеринин ортосундагы тажрыйбаны өткөрүп берүүнүн жана өз ара колдоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу менен стастистиканын бай салттарын сактап жана өнүктүрүү милдетин ишке ашырып келе жатканын кайрадан тастыктады.
 

Last updating: 03.10.2024, 09:10