Улутстатком мекендештерин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгы менен куттуктайт

Publications: 30.08.2016


Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитети, төрагасы Акылбек Султановдун башчылыгында, кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктайт!

Кыргыздар Борбордук Азиянын байыркы элдеринин бири болуп эсептелет. Кыргыздар жана алардын ээлеген жерлери тууралуу байыркы маалыматтар биздин эрага чейинки 209-201 жылдарга тиешелүү.

Бүгүнкү күндө, байыркы бабаларыбыздын өздөрүнүн мамлекети, анын түзүмү, башкаруучулары, аскер башчылары жана элчилери жөнүндө айтып калтырган Енисей жөнүндөгү 120 дан ашуун кыргыз тексттери белгилүү.

Совет бийлигинин биринчи жылдарында  (1924-жылга чейин) Кыргызстан автономияга ээ болбостон, Россиянын Туркестан АССРнин курамына кирген.

1924-жылы Россиянын курамында Кара-Кыргыз автономдук облус түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, ал эми 1925-жылы ал Кыргыз автономдук облус деп аталган.

1926-жылы Кыргыз автономдук облусу, Кыргыз Автономдук Советтик Социалисттик Республикасына (Кыргыз АССРи) өзгөртүлгөн.

1936-жылы Кыргыз АССРи социалисттик республикага өзгөртүлүп, СССРдин курамында, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп аталган.

1991-жылы Кыргыз ССРи өзүн суверендүү, эгемендүү: Республика Кыргызстан - мамлекети деп жарыялады, ал эми 1993-жылдан тартып Кыргыз Республикасы болуп жарыяланды. Борбору - Фрунзе шаары, Бишкек шаары деп аталды.

Бүткүл республиканын аймагында, облустарында, райондорунда, шаарларында жана айылдарында мамлекеттик статистикалык органдарда эмгектенип жаткан миңден ашуун статистика кызматкерлери

                          Кыргызстандын калкын Эгемендүүлүктүн күнү менен куттукташып, элде тынчтык, мамлекетте өнүгүү, ар бир үй-бүлөдө ырыскы, кут, береке мол болуусун каалашат!

Кыргызстан миң жылдап эгемендүү гүлдөгөн мамлекет болсун!

Майрамыңыздар менен!

 


Last updating: 30.08.2016, 09:48