Улутстатком жалпы республикалык ишембиликке катышты
Publications: 20.09.2025
Бүгүн, 20-сентябрда жалпы республикалык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов башында турган эмгек жамааты, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык бөлүмү ишембиликке активдүү катышышты.
Ишембилик Президенттин Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктары иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планынын алкагында өттү.
Борбордук аппараттын, Интеллектуалдык маалыматтар борборунун кызматкерлери тазалоо иштерин Көк-Жар айылынын Таштар-Ата комплексине чейин жүргүзүштү.





