Улутстатком 2025-жылдагы жалпы республикалык ишембиликке катышты

Publications: 15.03.2025


Улутстатком 2025-жылдын 15-мартындагы жалпы республикалык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана борбордук аппараттын, Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын, ошондой эле интеллектуалдык маалыматтар борборунун кызматкерлери катышты.
 
Иш-чара Махатма Ганди жана Касымалы Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан парктын аймагында өттү.
 
Ишембилик экологиялык демилгени колдоодо маанилүү кадам болуп, жашоо сапатын жакшыртууга жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
 
Жалпы республикалык ишембилик тазалыкты сактоодо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуудагы коомдун салымынын маанисин баса белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин жарандык позициянынсынын активдүү үлгүсүн көрсөттү.

 


Last updating: 17.03.2025, 15:05