Улутстатком кызматкерлерди эмгек акынын өлчөмү боюнча бөлүштүрүүнү жүргүздү

Publications: 17.02.2023


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2022-жылдын ноябрь айында толугу менен иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча санынын жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Мында кызматкерлерди бөлүштүрүү 2022-жылы 2 200 сомду түзгөн минималдуу эмгек акынын минималдык өлчөмүн колдонуу менен жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 001 миң сомдон 66 00 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4%ы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам (4%) 6 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, кызматкерлердин эмгек акынын өлчөмү боюнча дифференциациясын мүнөздөгөн маалыматтарды алуу үчүн Улутстатком жылына бир жолу ири жана орто ишканаларга, ошондой эле республиканын экономикалык ишмердиктин бардык түрүндөгү жана менчик формаларындагы уюмдарга изилдөө жүргүзөт.

 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү    | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 20.02.2023, 15:04