Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санын эсепке алуу жүргүзүлүүдө

Publications: 28.01.2016


   Улутстатком 2016-жылдын 1-январына карата мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санынын статистикалык эсепке алуу жүргүзүлүүдө.  

   Алынган маалыматтар жалпысынан мамлекеттик органдардын жана муниципалдык кызматтардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.

   Мындан тышкары, эсепке алуунун жыйынтыктары Улутстаткомдун «Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери», «Кыргызстан цифраларда», «Кыргыз Республикасынын социалдык тенденциялары» расмий статистикалык басылмаларында чыгарылат.

    

 

 

 

 

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгы

 e-mail: jailobaeva@stat.kg;                          тел. + 996 (312) 626076

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү(“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Last updating: 28.01.2016, 13:58