Улутстатком Кыргызстандын статистика органдарынын 100 жылдыгына карата футбол турнирин өткөрдү

Publications: 17.02.2026


Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен аймактык статистика органдарынын кызматкерлеринин ортосунда достук футбол оюну болуп өттү.

Турнир ачыктык, ынтымак жана командалык дух маанайында өтүп, юбилейлик жылдын жаркын окуясына айланды. Катышуучулар жогорку даярдык деңгээлин, жеңишке умтулуусун жана өз ара колдоосун көрсөтүп, статистика органдары — бул кесипкөйлүк жана жоопкерчилик гана эмес, ошондой эле күчтүү жана ынтымактуу команда экенин дагы бир жолу тастыкташты.

Иш-чарага Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү, төрага Бактыбек Кудайбергенов баштаган жетекчилик катышты. Ал катышуучуларга кайрылуусунда статистика органдарынын жүз жылдык мааракеси — бул муундардын мураскерлигин, статистика органдарынын системасынын туруктуулугун жана анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун чагылдырган тарыхый маанилүү белес экенин белгиледи. Ошондой эле корпоративдик маданияттын мааниси, командалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана бирдиктүү кесиптик коомчулукту калыптандыруу маселелери баса белгиленди.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — Нарын облусунун командасы;
2-орун — Борбордук аппараттын командасы;
3-орун — Чүй облусунун командасы.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине турнирдин жыйынтыгы боюнча эстелик белектер жана дипломдор тапшырылды.


Last updating: 17.02.2026, 14:49