Улутстатком Көк-Жар айылында ишембилик өткөрдү
Publications: 04.04.2026
2026-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери төрага Б. Ж. Кудайбергеновдун жетекчилиги алдында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртууга багытталган кезектеги ишембиликке катышты.
Ишембиликке 200дөн ашуун кызматкер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аймак тиричилик калдыктарынан тазаланып, иретке келтирилди. Мындай демилгелер экологиялык маданиятты калыптандырууга жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.
Тазалык ар бирибизден башталат!








