Улуттук статистика комитети расмий статистиканын сапаты жөнүндө декларацияны жана аны камсыз кылуу жаатындагы саясатты бекитти

Publications: 19.10.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган эл аралык стандарттарга жана сунуштарга ылайык иштелип чыккан “Расмий статистиканын сапаты жөнүндө Декларация” жана “Расмий статистиканын сапатын камсыз кылуу саясатын” бекитти. Бул документтер расмий статистиканын сапатын мындан ары жогорулатууга жана аларга болгон ишенимди күчөтүүгө багытталган.

Ошону менен бирге, Улутстатком Кыргызстандагы расмий статистиканын жетектөөчү өндүрүүчүсү катары расмий статистиканын релеванттуулук, тактык, ишенимдүүлүк, өз убагында аткарылышы, пунктуалдуулук, ачыктык, айкындуулук, так келтирүү жана салыштырмалуулук сыяктуу параметрлерин кармануу менен жайылтылып жаткан маалыматтардын сапатын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.

Кабыл алынган кадамдар Улутстаткомдун расмий статистикада сапаттын жогорку стандартын колдоого, статистикалык маалыматтарга ишеним деңгээлин жакшыртууга умтулуусун баса белгилейт жана статистикалык маалыматтардын сапатын баалоо жана жакшыртуу, ошондой эле сапат жөнүндө отчетторду оптималдаштыруу жана шайкеш келтирүү үчүн кызмат кылат.

1.Улутстаткомдун сапат декларациясы

https://www.stat.kg/media/files/0ca40934-78fe-4f6d-ad70-ced871808be2.pdf

2. Улутстаткомдун сапат саясаты

https://www.stat.kg/media/files/1cfec410-eb81-4858-a8cd-4b0639ba215b.pdf


Last updating: 23.10.2023, 15:07