Улутстатком жаңы методикаларды жана методологиялык жоболорду бекитти, ошондой эле ИДПны эсептөөгө тиешелүү айрым методикаларды кайра карап чыгууну жүргүздү

Publications: 21.11.2024


Методологиялык кеңештин отурумунда Улутстатком тарабынан 2008 жылдагы Улуттук Эсептер  Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан жаңы методологиялык жоболор бекитилди, анын ичинде, чейректик улуттук эсептер (ЧУЭ) методикасы, Улуттук эсептер тутумунда жеке керектөөлөрү үчүн турак жай ээлери тарабынан жүргүзүлүүчү турак жай кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо боюнча методикасы, ошондой эле ИДПнын өндүрүш ыкмасы менен учурдагы жана мурунку жылдын бааларында эсептөө боюнча методологиялык жобону кайра карап чыкты.
 
Методиканын жана методологиялык жоболордун электрондук версиясы төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.stat.gov.kg/kg/statistics/nacionalnye-scheta/
 
_______________________________________________________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351.
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Last updating: 21.11.2024, 09:33