Улутстаткомду Самат Насирдинов жетектеди
Publications: 25.02.2021
Улутстаткомдун жаңы дайындалган Төрагасы Насирдинов Самат Насирдинович кызматтык милдеттерине киришти. Ал бул кызматка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча 2021-жылдын 19-февралында дайындалды. Буга чейин Насирдинов С.Н. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген.
Насирдинов С.Н. 23-мартта 1986-жылы Чүй облусунда туулган. Эл аралык мамилелер, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дипломатия Академиясын бүтүргөн (2010-2020); Ноттингема NUBS Nottinghem University Business School Университетин бүтүргөн, MBA, Ишкердик башкаруунун магистри, Куала-Лумпур ш., Малайзия (2010-2013); Бишкек Гуманитардык университети, Бухгалтердик эсеп жана аудит (2006-2010).
МСБ кызматкерлеринин жана КРПБАда жергиликтүү кеңештер мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (2018); КРПБАда “Менеджмент” боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (2012); “Персоналды башкаруу” боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө сертификатына ээ, Штутгарт, Германия (2012).
Иш тажрыйбасы:
2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеген.
2019-жылдан апрель айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаты ыйгарым укугун токтоткон.
2016-2019-жылдары Чүй облусунун Аламүдун районунун Байтик айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2012-2018-жылдары «БиоФармХаус» дыйкан фермердик чарбанын жетекчиси болуп иштеген.
2007-2012-жылдары «NR Group International» компаниясынын курамында Кувейт, БАЭ, Малайзия, КМШ Мамлекеттеринде компаниянын атынан аны көрсөткөн. Кийинчерээк «NR Group International» ЖЧК бизнести өнүктүрүү боюнча директор болуп иштеген.
2002-2007-жылдары Бириккен Араб Эмираттарында, Кувейтте жеке ишкерчиликти жүргүзгөн.
Сыйлыктары:
“Байтик айылдык кеңешинин” Ардактуу грамотасы;
“Байтик айыл өкмөтүнүн” Ыраазычылык каты.